07.01.2017, 21:51

Президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды, ал аны Кытайда өткөрөт

Президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды, ал аны Кытайда өткөрөт

Бишкек, 7-январь /Кабар/. Кытай Эл Республикасына жумушчу сапары аяктаган соң Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 9-январынан 14-январына чейин эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн Кытайда үй-бүлөсү менен бирге өткөрмөкчү.