06.01.2017, 17:49

Мамветинспекциянын башчысы: “Кыргызстандын эт, сүт азыктарынын Россияга транзитине Казакстан тараптан расмий тыюу салуу болгон жок”

Мамветинспекциянын башчысы: “Кыргызстандын эт, сүт азыктарынын Россияга транзитине Казакстан тараптан расмий тыюу салуу болгон жок”

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Кыргызстандын эт, сүт азыктарынын Россияга транзитине Казакстан тараптан расмий тыюу салуу болгон жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Өкмөтүнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, казак өнөктөштөрдөн рисмй билдирүү болгон эмес.
“Азырынча бирдеме деп айтуу эртелик кылат. Расмий каналдан эч кандай кат алганыбыз жок. Электрондук почтого Кыргызстандын эт, сүт азыктарынын Россияга транзитине Казакстан тараптан тыюу салынары жазылган кат түшкөн. Бирок расмий каналдан эч кандай кат келбегендиктен, электрондку почтого түшкөн кат расмий билдирүү катары эсептелбейт”,-деди К.Жумаканов.

Ал ошондой эле ЖМК бул боюнча бекер эле ызы-чуу көтөргөнүн белгиледи.
“Анын үстүнө Казакстан биздин азык-түлүктөрүбүздүн Россияга транзитине темир жол аркылуу да жол ачкан”,-деп айтты инспекциянын башчысы.

Эске сала кетсек, ата-мекендик ЖМКларга Кыргызстандын эт, сүт жана балык азыктарынын Россияга транзитине Казакстандын аймагынан авиа жана автотранспорттор аркылуу ташып өткөрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан жана ал маалыматтарда транзит темир жол аркылуу гана өтөөрү белгиленген.