06.01.2017, 16:30

Депутат Мирлан Жээнчороев: "Биздин паспорттордун идентификациялык системасын өзгөртүү зарыл"

Депутат Мирлан Жээнчороев: "Биздин паспорттордун идентификациялык системасын өзгөртүү зарыл"

Бишкек, 6-январь /Кабар/. «Биздин паспорттордун идентификациялык системасын өзгөртүү зарыл”,- деди депутат Мирлан Жээнчороев журналисттер менен жолугушууда кыргыз паспорттору чет мамлекеттерде ар кайсы террорчулардын колуна түшүп калгандыгы тууралуу айтып жатып.

Депутат көйгөй укук коргоо практикасында экендигин белгиледи.

“Теракттарга жана башка кылмыштарга катышы барлардан табылган кыргыз паспорттору кайда жасалганы азыркыга чейин белгисиз. Бул тууралуу таптакыр маалымат жок. Биздин паспорттордун идентификациялык системасын өзгөртүү зарыл. Анткени, бул улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат. Биздин паспортторду каалагандай жасай беришине жол бербешибиз керек,”-деди Мирлан Жээнчороев.