06.01.2017, 16:11

Мектеп-интернаттардын тамагына кошумча 6,8 млн. сом бөлүндү

Бишкек, 6-январь /Кабар/. 2017-жылдын 1–январынан тартып атайын музыкалык жана көркөм сүрөт окуу жайларынын мектеп интернаттарынын окуучуларынын тамак-ашына жумшалуучу акча каражаты 40 сомдон 110 сомго көбөйдү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Бул максатка Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетине кошумча 6,8 млн сом бөлүндү. Учурда атайын музыкалык жана көркөм сүрөт окуу жайларынын мектеп интернаттарында 400 тарбиялануучу жашайт.