Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
06/01 15:47
 

Кадыр Маликов: “Биз өзүбүздүн исламдык интеллигенциябызды өстүрүшүбүз керек”

Кадыр Маликов: “Биз өзүбүздүн исламдык интеллигенциябызды өстүрүшүбүз керек”

Бишкек, 6-январь /Кабар/. “Бизге сырттан келбеши үчүн биз өзүбүздүн исламдык интеллигенциябызды өстүрүшүбүз керек”,-деп айтты теолог Кадыр Маликов “Галстуксуз жолугушуу” долбоорунун алкагында журналисттер менен болгон жолугушууда.

Анын айтымында, салттуу эмес исламды үгүттөп жүргөндөр менен күрөш жүргүзүүнүн кереги жок, аларга туура жолду гана көрсөтүү керек.

“Мусулмандык үй-бүлө – бул цивилизациядан артта калып калган эмес, өнүгүүнү алып келген үй-бүлө. Ислам мусулмандын өзүнүн жана мамлекеттин өсүп-өнүгүшүн талап кылат. Биз азыр туштугуп жаткан көйгөй билимсиздиктен болууда. Бул үчүн ЖОЖдордо, мектептерде ислам сабагын киргизүү керек. Биз өзүбүздүн исламдык интеллигенциябызды өзүбүз өстүрбөсөк, анда аларды бизге сырттан дардашып, алып келишет.

Биз светтик мамлекетпиз деп, мындан коркуп, кооптонуп уялбашыбыз керек. Бүгүн балдарыбызга диний туура билим беришибиз керек”,-деди К.Маликов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу