Бишкек, 6-январь /Кабар/. 2016-жылдын 30-декабрынан үстүбүздөгү жылдын 5-январына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына шаар тургундарынан 789 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 74 кайрылуу. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуулардын көпчүлүгү сурап-билүү иретинде болгон.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.
Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.