Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/01 14:34
 

Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы – бул тарых жана маданият жылынын уландысы – эксперт

 Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы – бул тарых жана маданият жылынын уландысы – эксперт

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыяланган 2017-жыл – өткөн Тарых жана маданият жылынын уландысы, бул ыймандуулук менен адептүүлүктү цивилизациялык деңгээлге көтөрүүгө болгон системалуу кадам экенинен кабар берет деп билдирди “Кабар” агенттигине тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин.

“Өткөн жылы биз акын жана улуу ойчул Жусуп Баласагындын 100 жылдыгын белгиледик. Бул жарандардын бардык категориясын адептүүлүк менен ыймандуулукка тарбиялоонун бирден бир маанилүү чакырыгы. Биз материалдык дүйнөдө жашайбыз жана айрым учурда ыймандуулук жөнүндө таптакыр унутуп калабыз. Калкты жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн ушундай нерселерге көңүл буруу зарыл”,-деди ал.
Анын айтымында, азыркы учурда жаңы муунду тарбиялоодо туюктукка кептелдик, эгер тарбия жана маданият маселесине жетиштүү көңүл бурулбаса бул тереңдеп кетиши мүмкүн.

“Атайын көңүл буруп, алектенбесе адептүүлүк, тарбия, ыймандуулук өзүнөн өзү келе бербейт. Бул тарбия аркылуу келет, бул мамлекетти, жаштарды, жалпы эле адамзатты өнүктүрүүнүн маанилүү бир бөлүгү. Ыймандуулук, адептүүлүк жана маданияттуулук аркылуу биз маданиятыбызды жогорку деңгээлге чыгара алабыз, аталган маселелер бири-бири менен байланыштуу”,-деп түшүндүрдү Т.Чоротегин.

Тарыхчы саясий элитаны жана жаштарды тарбиялоодо адептүүлүк менен маданияттуулукту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу