Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
06/01 13:14
 

Кадыр Маликов: “Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялоо – өз убагындагы чечим болду”

Кадыр Маликов: “Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялоо – өз убагындагы чечим болду”

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялоо тууралуу жарылыгы –өз убагындагы чечим болду, бул темага мурда эле көңүл бурулушу керек эле. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине эксперт, теолог Кадыр Маликов билдирди.

“Бул бүгүнкү күндө өз убагында кабыл алынган чечим болду. Буга башынан эле - 20 жыл алдын көңүл бурулушу керек эле. Бүгүнкү күндө бул маселе өтө курч болуп турат”,-деди К.Маликов.
Эксперт ыйман, адеп, тарбия жана жаштардын жүрүм-турум этикасы тилекке каршы дээрлик 20 жыл бою бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбагандын жыйынтыгы болуп саналат деп белгиледи.

“Жаштарды тарбиялоо, адептүүлүк, ыймандуулук маселеси бир жолку мүнөздөй болуп калды. Жарыяланган жыл өтө маанилүү. Президент абдан маанилүү жана өз убагындагы билдирүү жасады. Бул жыл руханий багыт, баалуулуктар жана ыймандуулуктун улуттук системасын түзүү үчүн базалык негиз болуп калуусу керек. Бул биз ушул жылы адептүү болуп, андан кийин аны унутуп калгыдай болбоого тийиш. Ушул багытта дайыма иштеп туруу керек”,-деди К.Маликов.
Анын айтымында, жаштарды тарбиялоодо диний, жалпы адамдык баалуулуктар негиз боло алат.

“Мажбурлап тарбиялоо мүмкүн эмес. Бул жаш муунга байланыштуу. Тилекке каршы, биздин ушул жагыбыз аксап, жаштарыбыз тарбиясыз калууда. Азыркы учурда бардык эле үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоого жатиштүү көңүл бурулбай келет, ошондуктан мектептерде, университеттерде жана эң башкысы мечиттерде ушул маселе менен алектенүү зарыл. Бул жаатта мечиттер намаз окуп, Кудайдан тиленүү үчүн гана келүүчү жер эмес, анда белгилүү программалар өткөрүлүүсү зарыл, имамдар адептик тарбия, жүрүм-турум эрежелери боюнча жаштардын арасында иштерди жүргүзүүсү керек, анткени бизде бул жетишсиз”,-деди эксперт.

Жыйынтыгында К.Маликов адептүү кадрларды жана интеллигенцияны тарбиялоого көңүл буруунун зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу