Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
06/01 12:58
 

“Президенттин 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялашы – мезгилдин талабы” - тарыхчы

“Президенттин 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялашы – мезгилдин талабы” - тарыхчы

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол коюшу – мезгилдин талабы. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Ж.Баласагын атындагы КМУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрбеков билдирди.

“Бул маселе биринчи кезекте көңүл бурууну талап кылат. Бул маселе эчак эле бышып жетилген. Тилекке каршы бардык маселелерди бир мезгилде чечүү мүмкүн эмес. 5 жылдан бери жыл сайын актуалдуу маселелер көтөрүлүп жана деталдаштырылып чечилип келе жатат. Мамлекет башчысынын 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгы – мезгил талабы. 25 жыл эгемендигибизде көп нерселерибизди жоготуп алдык. Айрыкча тарбия берүү жана маданияттуулук жаатында жоготуулар көп болду. Адам – бул социалдык жандуу нерсе, ал тарбияны генден эмес, айлана-чөйрөсүнөн алат. Биздин мамлекет башчыбыз муну түшүнүп, буга көңүл буруп жатат. Ыйман, адеп жана маданияттуулук – бул бири биринен ажырагыс факторлор”,-деди Т. Өмүрбеков.

Анын айтымында, мамлекеттин көмөгүсүз адамдарды, айрыкча өсүп келе жаткан муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо мүмкүн эмес.

“Жарлык мектептерде, окуу жайларда, дегеле кайсы гана болбосун маданият жана билим берүү мекемелеринде ага ылайык иштердин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Мына ошондо гана натыйжа болот. Биздин коомубуз прогрессивдешүүсү керек”,-деп айтты тарыхчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу