Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
06/01 11:16
 

Алдын ала маалыматтар боюнча Измирдеги теракттан өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок – ТИМ

Алдын ала маалыматтар боюнча Измирдеги теракттан өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок – ТИМ

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Алдын ала маалыматтарга караганда Измир шаарындагы теракт учурунда өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок, деп билдирди КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, жакында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:30да Түркиянын Измир шаарында жергиликтүү соттун имаратынын жанында турган автомобилди жардырып жиберишкен.

Түрк тараптын маалыматы боюнча бул теракттан 1 полиция жана 1 сот кызматкери каза тапкан. 5 адам жаракат алып, 2 террорчу өлтүрүлгөн. Алардан 2 “Калашников” автоматы, РПГ-7 жана анын 7 снаряды, ошондой эле 8 колго жасалган граната табылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу