Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/01 09:51
 

ӨКМ: Кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

ӨКМ: Кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Бишкек, 6-январь /Кабар/. 2017-жылдын 6-январынан 7-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-90, 145-150 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-99 чакырымдары жана Нарын-Казарман автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44чм) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2017-жылдын 4-январында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу