Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/01 18:33
 

Назаркул Ишекеев КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Назаркул Ишекеев КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы Жарлыгы менен Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары М.Карыбаева Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жаңы дайындалган төрагасын жамааты менен тааныштырып жатып, алдыда аткара турган иштер арбын экендигин белгилөө менен ишине ийгилик каалап өттү.

Эмгек жолу:
Ишекеев Назаркул Ишекеевич1976-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча аяктаган. Педагогика илимдеринин доктору,профессор, Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги Н.Ишекеев эмгек жолун 1976-1977-жылдарымектептин мугалими болуу менен баштап, Республикалык «Ленинчил жаш» гезитинин кызматкери,1977-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу, 1995-жылы Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин деканы болупиштеп, ошол эле мезгилде кафедра башчысы (1998-2000), 2008-2011-жылдары Улуттук университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы, 2011-жылдын сентябрынан Улуттук университеттин педагогикалык ишмердүүлүк жана мамлекеттик тил боюнча проректору, 2013-жылдын июлунан КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары, 2015-жылдын июнунан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору болуп эмгектенген.

Коомдук жана кошумча иштери:
1996- жылдан бери Докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча кеңештердин мүчөсү жана төраганын орун басары;
1998-жылдан азыркы убакка чейин: “Эл Агартуу” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү;
2001-жылдан тартаКыргыз-Түрк “Манас”университетинин профессору;
2005-жылдан азыркы убакка чейин: “Мектеп- Школа” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү;
2007-2011-жылдары КРнынПрезидентинекараштууМамлекеттиктилбоюнчаулуттуккоммиссиянынмүчөсү;
2008-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигиндеги Республикалык илимий-методикалык советтин кыргыз тили жана адабияты секциясынын башчысы;
2008-2011-жылдарыУлуттук телерадиокорпорациясынын көзөмөлдөөчү кеңешинин мүчөсү;
2013-2014-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин №155 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
2014-жылдан “Баластан” балдаржурналынынредакциялыктобунунмүчөсү;
2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
2015-жылдан бериКыргызРеспубликасынынЖогоркуаттестациялыккоммиссиянынпрезидиумунунмүчөсү.

Мамлекеттиксыйлыктары:
1993-ж. КРнын элге билим берүүсүнүн отличниги;
1999-ж. Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты;
2005-ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгиси менен сыйланган;
2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу