Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/01 18:17
 

Бексултан Жакиев: “Президенттин 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялашы кыргыз коомунун адеп-ахлагын жакшыртат”

Бексултан Жакиев: “Президенттин 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялашы кыргыз коомунун адеп-ахлагын жакшыртат”

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялашы кыргыз коомунун адеп-ахлагын жакшыртат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев билдирди.

Ал бул жарлык өз убагында кабыл алынган пайдалуу жарлык экендигин белгиледи.

“Биз баарыбыз коомубуздун ыйманын, адебин жакшыртууга өз үлүшүбүздү кошушубуз керек. Бекеринен ыйман, адеп жана маданияттуулукка басым коюлган жок. Булардын баары бири-бири менен тыгыз байланышкан . Адамды тарбиялоо – өтө маанилүү жагдай. Ал эми ал адамдын маданияты да андан кем эмес мааниге ээ. Балдарды тарбиялоо, балдардын ата-энеге мамилеси, адамдын эмгектене билүүсү жана чөйрөгө, коомго, өлкөгө мамилеси – булар бардыгы бир-бири менен байланышкан . Андыктан ар бир бала өз өлкөсүнүн татыктуу жараны болуп өсүшү үчүн аларга мыкты тарбия берүү зарыл. Демек бул жарлыкты колдоо гана керек”,-деди ал.

“Тилекке каршы биз азыр маданияттуулуктун жоктугунан жапа чегип жатабыз. Биз өзүбүздү коомчулукта, жумушта, көчөдө кантип алып жүрүү керектигин билбейбиз. Андыктан мыкты жарандарды тарбиялоо үчүн бул документ маанилүү жана зарыл”,-деп белгиледи Эл жазуучусу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу