Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
05/01 16:55
 

2017-жыл ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп өз учурунда жарыяланды, деп эсептейт саясат таануучу

2017-жыл ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп өз учурунда жарыяланды, деп эсептейт саясат таануучу

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялоо туралуу жарлыкка кол коюшу кыргыз элинин рухий жактан өнүгүүсүнүн конкреттүү механизмдерин ишке ашыруунун реалдуу программасын иштеп чыгууга түрткү берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.

Анын айтымында, Президент 2017-жылды нравалуулук, тарбиялуулук жана маданияттуулук жылы деп өз учурунда жарыялады. Анткени Советтер Союзу кулагандан бери нравалуулук, тарбиялуулук жана маданияттуулук бир топко төмөндөп кеткен.

“Буга экономикалык жагдай жана Кыргызстанда ыймандуулук, адептүүлүктүн мамлекеттик ситемасы бузулуп калгандыгы таасир эткен. Ал эми ыйман, адептүүлүк жана маданияттуулуктун жаңы стратегиялык программасы тилекке каршы эгемендүү Кыргызстандын доорунда иштелип чыккан эмес. Албетте, ар кандай программалар болду, бирок алардын иштелүү механизмдери өтө төмөн болуп калган. Натыйжада, тактап айтканда стратегиялык програмалардын жоктугунан исламдашуунун, радикалдашуунун коркунучтуу жагдайларын, жарандарыбыздын маданиятынын төмөндөшүн көрүп жатабыз. Келечек муундарды тарбиялай ала турган маморгандар бизде жок. Ушундан улам Президент А.Атамбаевдин жарлыгы КР калкынын рухий жактан өнүгүүсүнүн конкреттүү механизмдерин ишке ашыруунун реалдуу программасын иштеп чыгууга түрткү берет”,-деп белгиледи А.Арзыматова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу