Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/01 15:00
 

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы саясаттан кабар алды

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы саясаттан кабар алды

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-январда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын жүзөгө ашыруу боюнча Тышкы иштер министрлигинин 2016-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат алды.

Эрлан Абдылдаев ошондой эле негизги чет элдик стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга карата пландар жана жогорку деңгээлдеги визиттердин жүрүшүндө жетишилген келишимдерди аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да айтып берди.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын натыйжалуу илгерилетүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жатышкан кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды активдештирүүгө багытталган Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары карай өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу