Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/01 11:08
 

Бишкекте Кыргызстандын мисси рак оорулуу Жибек Нукеевага жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук концерти өтөт

 Бишкекте Кыргызстандын мисси рак оорулуу Жибек Нукеевага жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук концерти өтөт

Бишкек, 5-январь /Кабар/. 21-январда саат 17:00до Бишкектеги “Сейтек” борборунда “Кыргызстандын мисси – 2013” сынагынын жеңүүчүсү рак оорулуу Жибек Нукеевага жардам көрсөтүү максатында “Жаша Жибек” аттуу кайрымдуулук концерти өткөрүлөт. Бул тууралуу белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Эскерте кетсек, Жибек сөөктүн рак ооруусу менен күрөшүп келет. Шишик өтө чоң жана операция кылууга болбойт. Бир гана жолу бар, ал протондук терапиядан өтүү.

Бирок, тилекке каршы Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк жок, эң эле жакын жана алгылыктуу вариант – Прагадагы (Чехия) протондук терапия борбору. Маалыматка ылайык, анын баасы 80 миң еврону түзөт. Мындай каражатты элдин жардамысыз үй-бүлө топтой албайт.
А.Молдокматова артисттерге, блоггерлерге жана жөн гана кайрымдуу инсандарга Ж.Нукеевага жардам көрсөтүү боюнча кайрымдуулук акциясына катышууга чакырат.

“Акцияга катышуучулар, билет сатып алуучулар мага кайрылыңыздар. Мындан тышкары, биз өзүнчө ишкерлер үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрөбүз. Залды акысыз бергендиги үчүн “Сейтек” борборунун директору Сабира Муслимовнага ыраазычылык билдирем”,-деп жазган А.Молдокматова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу