Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/01 19:11
 

Бишкек мэрине талапкер Нурдин Абдылдаев мамлекеттик тилди билүү боюнча экзамен тапшырды

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер Нурдин Абдылдаев мамлекеттик тилди билүүгө экзамен тапшырды.
Башында талапкер кыргыз тилинде өзүнүн программасын жазып, андан кийин ал жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, шаардагы эң көйгөйлүү маселе борбор калаанын бюджетиндеги жетишсиздик. “Шаардын бюджетинин 81%ы республикага кетет. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн маселелер чечилбеген бойдон калууда. Ушул себептен кошумча каржы булагын табуу керек жана коррупциянын өнүгүшүнө жол бербөө зарыл”,-деди ал.

Ошондой эле, ал белгилегендей, азыр ишке ашырылып жаткан программаларды андан ары улантып, ага кошумча көп деңгээлдүү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайларды куруу керек. “Бул өз кезегинде жол тыгындары боюнча маселени чечмекчи. Ошондой эле, социалдык объектерди куруунун зарылчылыгы бар. Андан тышкары, аз камсыз болгондордун сатып алууга мүмкүнчүлүгү болгондой социалдык дүкөндөрдү ачуу зарыл. Менин программам менин партиямдын программасы менен гана чектелип калбайт. Бишкек шаарынын мэри кызматында мен шаардыктардын көйгөйүн чечүү жана шаарды өнүктүрүүнүн үстүндө иштейм”,-деди ал.

Андан кийин талапкер комиссия сунуштаган мамлекеттик тилдеги текстти окуду.
Комиссия бир добуштан талапкер кыргыз тилин жакшы билет деген чечимге келди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу