Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
04/01 18:54
 

Бишкек шаарынын мэрине талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилин билүү боюнча экзамен тапшырды

 Бишкек шаарынын мэрине талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилин билүү боюнча экзамен тапшырды

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэрине талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилин билүүгө экзамен тапшырды.
Мамлекеттик тилди билүүгө экзамендин жыйынтыгында мамкомиссиянын мүчөлөрү бир ооздон мэрликке талапкер кыргыз тилин билет деген чечимге келишти.

Мыйзамга ылайык, шаар башчысы мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.
Талапкерлер белгилүү бир убакытта өздөрүнүн программасын кыргыз тилинде жазышып, ал жөнүндө айтып беришти.
Андан кийин ал кыргыз тилиндеги текстти окуду.

Комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан талапкердин кыргыз тилин белери тууралуу жыйынтык чыгарышты.
Өз кезегинде Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Бектурсун Байсабаев А.Ибраимовду жогору баа алгандыгы үчүн куттуктап, ага ийгилик каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу