Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/01 18:43
 

Бишкек мэрине талапкер А.Ибраимов шаарды өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэрине талапкер Албек Ибраимов бүгүн мамлекеттик тилди билүүгө экзамен тапшыруунун жүрүшүндө шаарды өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Мамлекеттик комиссиянын биринчи тапшырмасы шаар башчысы катары өзүнүн программасын кыргыз тилинде айтып берүү болгон.

А.Ибраимовдун айтымында, анын шаар мэри кызматында турган кыска мөөнөттүн аралыгында өтө көп эмес иштер жасалды. “Биз шаарды өнүктүрүү боюнча бир катар долбоолорду баштадык. Алардын биринчиси жолдорду куруу жана оңдоо болуп саналат. Бул маселе дайыма актуалдуу болуп келген жана токтобойт. Ошондой эле ушул жылдын бюджетине тротуарларды оңдоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча программаны ишке ашыруу үчүн сумма киргиздик. Мындан тышкары, шаарды жашылдандыруу боюнча курс алдык. Анын алкагында 2 чоң парк ачуу пландалган. Ошондой эле, шаардын эң башкы көйгөйү коомдук транспорт болуп саналат. Бул шаардын актуалдуу проблемаларынын бири. Биз бул жылы 50 троллейбус жана 300 автобус сатып алууну пландап жатабыз. Бул биринчи кезекте жол тыгынын азайтат жана экология маселесине дагы таасир этет”,-деди А.Ибраимов.

Андан кийин талапкер комиссияга өзүнүн программасы баяндалган ишин берип, кыргыз тилиндеги жомокту таасирдүү окуп берди.
Мамлекеттик комиссия бул ишти текшерип, өзүнүн баасын бериши керек.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу