Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/01 18:20
 

“Интерфакс”: Кыргызстандын жараны түрк ЖМКларын сотко берүү ниетинде эмес, бирок алар жарыялаган маалыматтарын төгүндөшү керектигин талап кылууда

“Интерфакс”: Кыргызстандын жараны түрк ЖМКларын сотко берүү ниетинде эмес, бирок алар жарыялаган маалыматтарын төгүндөшү керектигин талап кылууда

Интерфакс. Стамбулдагы терактка күнөөлөнгөн Кыргызстандын жараны Яхье Машрапов түрк ЖМКларын сотко берүү ниетинде эмес, бирок алар жарыялаган маалыматтарын төгүндөшү керектигин талап кылууда.

“Мен түрк ЖМКларын сотко бербейм, бирок менин кадыр-баркыма доо кетирген маалыматтарын төгүндөшүн талап кылам”-деди ал "Интерфакстын" кабарчысына.
Машрапов жакынкы күндөрү Стамбулга учпай турганын билдирди.
“Менин туугандарым болуп өткөн окуядан кийин кооптонуп калышты. Андыктан азырынча чет өлкөгө чыкпайм”,-деди ал.

“Түрк ЖМКлары менин паспортумдагы сүрөттү тартып алышып, мени терактка катышы бар, деп жазышкан. Тактабай туруп кантип ушинтип жазууга болсун. Түрк полициясы 3-январда мени Стамбулдан кармап, суракка алып, терактка тиешем жок экендигиме ишенип, кечирим сурап коё беришти. Ушундан улам биз Стамбулдан Бишкекке 1 саатка кечигип келдик”,-деп айтты Машрапов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу