Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
04/01 17:52
 

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дайраларынын коркунуч туудурган участкаларына мониторинг жүргүзүү улантылууда

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дайраларынын коркунуч туудурган участкаларына мониторинг жүргүзүү улантылууда

Бишкек, 4-январь /Кабар/. “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы ӨКМынын Бишкек шаардык башкармалыгы менен биргеликте Ала-Арча жана Аламүдүн дайраларынын коркунуч туудурган участкаларына мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.

Учурда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Ала-Арча дайрасынын Ахунбаев көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейинки участкаларына жана Аламүдүн дайрасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Мониторинг “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын суу чарба кызматкерлери тарабынан графикке ылайык жүргүзүлүп, аталган участкалар күнү-түнү көзөмөлгө алынууда.

Ошону менен бирге эле “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын кызматкерлери коллектордук-дренаждык тазалоо иштерин да аткарууда. Ушул учурда Көлмө конушунда Мидин көчөсүнөн “Баят” базарына чейин коллектордук-дренаждык тазалоо иштери жүрүүдө.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу