Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
04/01 17:50
 

Бишкекте шаар мэри кызматына талапкерлер кыргыз тили боюнча экзамен тапшырышууда

 Бишкекте шаар мэри кызматына талапкерлер кыргыз тили боюнча экзамен тапшырышууда

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын борбор калаасынын мэрине талапкерлердин мамлекеттик тилди (кыргыз тили) билүүсү боюнча экзамен өтүп жатат.

Азыркы учурда экзаменди өткөрүү боюнча комиссиянын жыйыны өтүүдө. Аталган комиссиянын төрагасы Бектурсун Байсабаев.

Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:
- Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары – Медер Акимов;
- КРнын эмгек сиңирген мугалими, №66 орто мектептин окутуучусу – Наргалый Абдесов;
- А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору – Жылдыз Бакашова;
- Профессор, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору – Гүлжамал Жаманкулова;
- Профессор, Бишкек гуманитардык университетинин проректору – Суусар Искендерова.

Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаарынын мэри кызматына шайлоого катышууга 2 талапкер арыз берген. БШКнын көпчүлүк коалициясы азыркы мэр Албек Ибраимовдун талапкерлигин көрсөткөн, ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Нурдин Абдылдаев талапкерлигин коюуда.

Мыйзамга ылайык, шаар башчысы мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу