Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/01 16:11
 

ЖК тармактык комитеттеринин эксперттери мыйзамдардын сапатын жакшыртуу жаатындагы ишмердүүлүгүн күчөтөт

ЖК тармактык комитеттеринин эксперттери мыйзамдардын сапатын жакшыртуу жаатындагы ишмердүүлүгүн күчөтөт

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Бүгүн, 4-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин жетекчилиги астында айрым талаш-тартышты жараткан мыйзамдарды алга жылдырууга, коомчулукка көйгөй жараткан айрым маселелерди чечүүгө багытталган жумушчу жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басарлары Сүйүнбек Касмамбетов менен Тажимамат Шаболотов жана Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин эксперттери катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин бөлүм башчысы Айбек Жүрүнов кен байлыктарын иштетүү боюнча жер тилкелерин трансформациялоого багытталган «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун абалы боюнча маалымат берди. Бул мыйзам долбоору боюнча тармактык комитеттердин жыйындары, парламенттик угуулар өткөрүлгөн. Натыйжада мыйзам долбоору боюнча кен байлык иштетүүгө жер тилкесин трансформациялоо убаракерчиликке алып келери негизделип, трансформациясыз эле берүү керек деген, дагы башкалары экологиялык жагдайдын негизинде жер трансформакцияланып, иштетилген жер сөзсүз рекультивацияланышы керек деген кайчы пикирлер жаралган. Натыйжада долбоорду башка башка мыйзам долбоору кылып бөлүү жагын кароо сунушталган. Эми бул мыйзам долбоору Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетте кайрадан талкуудан өтмөкчү.

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев тоо-кен өнөржайы республикалык бюджетти толтура турган олуттуу тармак болушу керектигин белгиледи.

Соңунда жыйын катышуучулары үстүбүздөгү апта соңунда аталган мыйзам долбоору боюнча орток пикир табуу жана сапаттуу мыйзам чыгаруу максатында КР Өкмөтүнүн, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен бирге талкуулоо чечимин кабыл алышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков тармактык комитеттин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушууда айрым мыйзам долбоорлору боюнча тармактык министрликтердеги тиешелүү эксперттер менен чогуу иш алпарып, мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, талаш-тартыштуу жагдайларды четтетүү тапшырмасын берген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу