Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/01 15:26
 

Онтарио Апелляциялык соту (Канада) канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясынын бенефициардык менчик акциясы маселеси боюнча КРнын жана «Кыргызалтын» ААК пайдасына чечим чыгарды

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Мындан мурдараак төрт эл аралык арбитраждык териштирүүлөрдүн доочулары: «Манас Банк» ЖАК акционери В.Белоконь, «Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi» түрк компаниясы, «Stans Energy Corp.» канадалык тоо кен компаниясы жана «Entes Industrial Plants Construction & Erection Constructing Co. Inc.» түрк компаниясы Онтарионун (Канада) Жогорку сотуна Канаданын аймагында «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААК акциясынын эсебинен Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган эл аралык арбитраждык чечимди аткаруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүк борбору билдирди.

Доочулардын айтымында, канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акциясы юридикалык жактан «Кыргызалтын» ААК таандык болгондугуна карабастан, иш жүзүндө акциянын менчик ээси Кыргыз Республикасы болуп саналат, ошондуктан Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган арбитраждык чечимдер канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы акциялардан төлөтүп аркылуу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Онтарио Жогорку соту 2016-жылдын 11-июлундагы өз чечими аркылуу доочулардын аргументтерин четке кагып, Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК атына катталган канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акцияларынын менчик ээси болуп саналбайт деп тааныды.

Онтарио Жогорку сотунун жогорудагы чечимине макул болбогон доочулар Онтарио Апелляциялык сотуна (Канада) кайрылышты.
2016-жылдын 29-декабрында Онтарио Апелляциялык соту соттук кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча жалпы доочулардын өтүнүчүн четке кагып Онтарио Жогорку сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Натыйжада, Кыргыз Республикасына каршы көрсөтүлгөн төрт арбитраждык чечимдер да, келечектеги арбитраждык чечимдер да «Кыргызалтын» ААК тийиштүү канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы акциялардын эсебинен төлөтүп алуу аркылуу аткарылбайт.
Аталган чечим чыгарылган мөөнөттөн тарта күчүнө кирет. Теоретикалык жактан доочулар Онтарио аппеляциялык сотуна аталган чечимди Канаданын Жогорку сотунда кайрадан кароо өтүнүчү менен кайрылышы мүмкүн, бирок Канаданын Жогорку соту соттук чечимдерге даттануу боюнча ишти айрым гана учурларда карайт.

Кыргыз Республикасынын аталган иштеги кызыкчылыгын «King & Wood Mallesons» эл аралык юрилдикалык фирмасы, «Perley-Robertson, Hill & McDougall» канадалык юридикалык компаниясы жана фирма «Сатаров, Аскаров и Партнеры» жергиликтүү юридикалык фирмасы алып барууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу