Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/01 15:13
 

Премьер-министр Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер көрсөтпөйт

 Премьер-министр  Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер көрсөтпөйт

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна жеке талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, “Борбордун макамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.

«Мамлекетте демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү жана шаардык депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында шаардын мэри кызматына талапкерди көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алдым. Шаардык кеңештин депутаттары шайлоочулардын мүдөөсүн эске алып, кесипкөй, тажрыйбалуу иш-билги талапкерди тандап, алар биргеликте шаар жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейт деп үмүттөнөм”, – деп айтылат Премьер-министрдин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылуусунда.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы шаардык кеңеш депутаттары аймактык шайлоо комиссиясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэрин шайлоо процессин жогорку деңгээлде жана мыйзам чегинде өткөрүүсүнө ишеним билдирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу