Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/01 12:18
 

Мамлекет башчысы терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды

Мамлекет башчысы терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-январда өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди

Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкөнүн коргонуу жөндөмүн арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Тактап айтканда, Темир Жумакадыров өлкө Президентине терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бүтүндөй комплекси активдештирилип жаткандыгы тууралуу баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров ошондой эле өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоонун жүрүшүн да талкуулашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу