04.01.2017, 11:26

БДЖА Кыргызстанда калкты таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүдө

 БДЖА Кыргызстанда калкты таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүдө

Бишкек, 4-январь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы (БДЖА) тарабынан Кыргызстанда калкты таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, адамзатка эң керектүү, өмүрдүн булагы болуп эсептелген таза сууну ар бир үйгө жеткирүү максатында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БДЖАнын маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед билдирди.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын аракети менен жер астынан 20-50 метр тереңдиктен суулар чыгарылып, 700 скважина, 600 насос жана атайын суу түтүктөрү өлкөбүздүн ар кайсы аймактарына орнотулган.

“2016-жылдын эсебинде 37 жерге суу долбоорлору каржыланып, 10 км жерге суу түтүктөрү киргизилген. Ысык-Көлдөгү Челпек айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрү жер астына орнотулуп, Мундуз айылындагы эски скважина толугу менен жаңыланып, атайын ЭЦВ-8-25-100 үлгүсүндөгү суу мотору орнотулду. Ага кошумча кабелдери менен калкагычтары дагы жаңыланып ишке берилди. Өзгөн районундагы Токой чарбасы, Эски-Покровка айылдарындагы союздан калган скважиналар оңдолуп, жаңы суу моторлору орнотулуп, жанына 5 метр бийиктиктеги 2 тонна суу сактагыч идиштер тургузулду”,-деди ал.

Р. Мухаммед ошондой эле республикадагы көптөгөн ооруканаларды, бала-бакчаларды, мектептерди ж.д.б.у.с. социалдык коомдук мекемелерди таза суу менен камсыздандыруу негизги багыт болуп саналарын кошумчалады.