Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/01 09:28
 

Төрага Ч.Турсунбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраманга көңүл айтты

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрага Чыныбай Турсунбеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраманга көңүл айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Төмөндө көңүл айтуунун тексти берилет:

“Улуу Даражалуу, боордошум Исмаил Кахраман мырза,
2016-жылдын 31-декабрында, Стамбул шаарындагы Рейна эс алуучу жайында болуп өткөн террордук кол салуудан улам көптөгөн бейкүнөө адамдардын курман болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Майрам учурунда болгон мындай ырайымсыз кылмышты кыргыз эли акылга сыйбаган жосунсуз жорук катары баалайт. Андыктан адамзаттык баалуулуктарга каршы келген бул жан кечтилик окуянын уюштуруучуларын жана аткаруучуларын кескин айыптайбыз. Ага ылайык, биздин учурдагы улуу максатыбыз терроризмге каршы туруу болуш керек деп ойлойм.

Ал эми каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, Алла Тааладан бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилеймин.

Терең кайгыруу менен, Чыныбай Турсунбеков”.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу