Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
31/12 22:14
 

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Бишкек, 31-декабрь /Кабар/. Жогорку Кенештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады.
“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана өзүмдүн атымдан кирип келген Жаӊы жылыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам адам өмүрүнүн дагы бир барагын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган, жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган улуу күн.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Быйылкы жыл Кыргызстаныбыз үчүн жемиштүү жылдардан болду десем жаӊылышпайм. Президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен "Тарых жана маданият" жылы деп жарыяланган бул жылда улутубуздун улуулугун даӊазалаган бир топ тарыхый окуялар, маанилүү маданий иш-чаралар өттү. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну уюштурулуп, көчмөн цивилизациясынын добушу дагы бир жолу Ала-Тоодон жаӊырды. Дүйнөнүн чар-тарабынан келген меймандар, жерибиздин сулуулугуна, элибиздин меймандостугуна, улутубуздун улуу тарыхка ээ экендигине тан берип кайтышты.

Саясий-экономикалык жаатта да жылыштар бар. Евразиялык экономикалык биримдиктин сыноолорунан өтүп жатабыз. КМШга башчылык кылуу вазыйпасы быйылкы жылы Кыргызстанга тийип, аталган бирикменин жогорку деӊгээлдеги мааракелик жыйындары Бишкекте өттү.

2010-жылы Кыргызстан эли башкаруу системабызды өзгөртүп, парламенттик-демократиялык багытты тандап алган эле. Бирок, Конституциябызда мүчүлүштүктөрдүн бар экени байкалып, парламенттик башкаруу системабызды чыӊдап, өлкөбүздүн көз карандысыздыгын бекемдей турган түзөтүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. Ага ылайык, заманбап технологиялардын жардамы менен Референдум өткөрүлүп, жыйынтыгында дагы бир ирет Кыргызстан демократиялык багытта ийгиликтүү кадам жасай алды.

Жалпысынан бул жылы өлкөдө туруктуулук сакталып, мамлекетибиз коомдук-саясий өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлууго шарттар түзүлдү. Жогорку Кеӊеш парламенттик-демократиялык чакырыктын алдында калк турмушун жакшыртууга багытталган кыйла мыйзам долбоорлорун даярдап, ар кандай эл аралык макулдашууларды карады.

Ошондой эле мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө ишин жакшыртуу багытында 2021-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгып жана кабыл алынды. Ар бир депутат шайлоочулар менен тыгыз иш алып баруу максатында аймактардагы элдин абалы менен таанышууну адатка айлантып, көйгөйлөрдү жеринде чечүүдө активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Жаӊы жылдын босогосунда туруп, жалпы кыргызстандыктарга ынтымак жана биримдик каалайм. Ааламдашуу доорунда өнүккөн мамлекеттердин улуу көчүнө кошулуу үчүн Кыргызстанга тынчтык жана туруктуулук керек.

Кымбаттуу мекендештер!

Дагы бир жолу жаркырап кирип келген 2017-жаны жылыныздар менен куттуктайм! Сиздерге чың ден-соолук, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалайм. Өлкөбүз өнүгүп, Кыргызстан үчүн жаӊылануунун жана ырыс-куттун жылы болсун!”,- деп айтылат Төрага Ч.Турсунбековдун куттуктоосунда. Бул тууралуу КР парламентинин басма сөз кызматынын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу