30.12.2016, 18:12

ӨКМ кызмат көрсөтүүнүн күчөтүлгөн режимине өттү

 ӨКМ кызмат көрсөтүүнүн күчөтүлгөн режимине өттү

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык, КР ӨКМ Жаңы жылды майрамдоо учурунда кызмат көрсөтүүнүн күчөтүлгөн режимине өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылы 31-декабрда ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүндө 800 дөн ашык кызматкер күчөтүлгөн режимде иштейт, 160 тан ашык атайын техника тартылат, анын ичинен 129 өрт өчүрүү техникалары жана 21и авариялык-куткаруу унаалары.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.