30.12.2016, 18:04

Кытайдын Гуандун провинциясынын логистика саммитинин катышуучуларына “Кыргызстан – Азиянын жүрөгү” аттуу видеоролик көрсөтүлдү

 Кытайдын Гуандун провинциясынын логистика саммитинин катышуучуларына “Кыргызстан – Азиянын жүрөгү” аттуу видеоролик көрсөтүлдү

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Гуанчжоу шаарында КРнын башкы консулу Максат Тентимишов кечээ Гуандун провинциясынын логистикалык саммитине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага мамлекеттик органдардын жана Кытай Элдик Республикасынын ар түрдүү компанияларынын башчыларынан турган 700 дөн ашык адам катышты. Алардын ичинде «Sinopec» мунайхимия корпорациясынын, «BYD» унаа жана «Huawei» электроника чыгаруучу компанияларынын башчылары бар.

Башкы консул М.Тентимишов саламдашуу сөзү менен чыгып, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин “Жибек Жолунун Экономикалык алкагы” долбоорунун келечегин жана ал транспорттук-транзиттик долбоор гана эмес, бир катар өлкөлөрдүн комлекстүү планда өнүгүүсүнүн түрткүсү болорун белгиледи.

“Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусун, Европа биримдигинин ВСП+ программасы жана ЕАЭБге кирүүсүн эске алганда, КЭРдин Европа биримдиги, КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен транспорттук-логистикалык өнөктөшү болуусу мүмкүн”,-деп кошумчалады ал.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга “Кыргызстан – Азиянын жүрөгү” видеоролиги көрсөтүлдү.