Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/12 16:20
 

Сооронбай Жээнбеков Токмоктогу балдар үйүнүн тарбиялануучуларын жана кызматкерлерин Жаңы жылы менен куттуктады

 Сооронбай Жээнбеков Токмоктогу балдар үйүнүн тарбиялануучуларын жана кызматкерлерин Жаңы жылы менен куттуктады

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда Токмок шаарындагы адистештирилген балдар үйүнө барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы социалдык мекеменин тарбиялануучуларын жана кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, социалдык коргоого муктаж болгон калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү Өкмөттүн негизги милдеттерин бири экендигин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков балдар үйүндөгү ыңгайлуу шарттын түзүлүшүнө андагы кызматкерлердин салымы зор экендигин айтып, мекеменин жамаатына ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Токмок шаарындагы адистештирилген балдар үйүнүн тарбиялануучуларына бекем ден-соолук, ийгилик каалап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, өздөрү жасаган куттуктоо баракчасын белекке берди.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу