30.12.2016, 15:55

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2016-жылдын 16-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамдын максаты – көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды негизсиз колдонуу үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү.
Бул максатта 4873-беренеге көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу үчүн администрациялык жоопкерчилик каралат деген толуктоо киргизилет.

Мындай укук бузуу жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн – жетимиш, кызмат адамдарына – токсон, юридикалык жактарга – жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Мындан башка, Мыйзамда ички иштер органдары көрсөтүлгөн администрациялык укук бузуулар боюнча иштерди карап, администрациялык айыптарды төлөтүүсү каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.