Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/12 15:49
 

БДЖА Кыргызстандын келечек ээлери үчүн жаңы мектептерди курууда

 БДЖА Кыргызстандын келечек ээлери үчүн жаңы мектептерди курууда

Бишкек, 30-декабрь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын (БДЖА) негизги багыттарынын бири Кыргызстандын келечек ээлеринин сапаттуу билим алуулары үчүн жаңы мектептерди куруу болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БДЖАнын маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед билдирди.

Анын айтымында, Быйылкы жылы Нарын районундагы Жанбулак айылына 50 орунду бала бакча курулуп, ички жана сырткы жасалгалары менен кошо керектүү эмеректер берилди. Бул имарат 22х12 өлчөмүндө болуп 208 м² аянтты түздү.

“Ошондой эле, Каракулжа районундагы эң шарты оор Буйга айылына 300 орундуу жаңы мектеп курулду. Мектеп бир кабаттан туруп ички жана сырткы жасалгалары, класстык эмеректери (парта, стул, доска, мугалимдер жана ашкана үчүн атайын эмеректер, ж.б.), сырткы темир тосмолору менен кошо толук бүткөрүлдү”,-дедиал.

Р.Мухаммеддин ырасташынча, быйылкы 2016-жылдын эсебинен дагы эки мектептин курулушу башталды.
“Ысык-Ата районундагы Чолпон айылына 250 орундуу, Ноокат районундагы Кайрагач айылына 150 орундуу мектептер курула баштады. Ар бир салынган мектеп КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилет. Ал жердеги окуу системасы жана кадр саясаты толугу менен мамлекеттин кароосуна тапшырылат”,-деп кошумчалады ал.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу