30.12.2016, 15:17

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 км аралыгын реконструкциялоого тийиштүү мыйзамга кол коюлду

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км. реконструкциялоо долбооруна (№ KYR-0052 долбоору) тийиштүү Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам 2016-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – өлкөнүн Түндүгү менен Түштүгүн тутамдаш, үзгүлтүксүз транспорттук жол катташы менен камсыз кылуу.

Макулдашууда Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159 дан 183-километрге чейинки (Дыйкан айылы – Кызыл-Жылдыз айылы) участогунун кайра калыбына келтирилиши каралган.

Каражаттар Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун участокторунун абалын жакшыртуу, анын ичинде жер жана дренаждык иштердин жүргүзүлүшү, асфальттоо жана көпүрөлөрдүн реконструкциясы үчүн пайдаланылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.