30.12.2016, 14:55

Ош шаарында жылдын мыкты спортчулары жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан жемиштүү кайткандар сыйланды

Ош шаарында жылдын мыкты спортчулары жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан жемиштүү кайткандар сыйланды

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрь Ош шаарында республикалык, эл аралык жана дүйнөлүк турнирлерге катышып, алдынкы орундарды багындырган спортчулар Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев маданият жана спорт өлкөнү дүйнөгө таанылта турган тармак экенинин белгилеп, спортчуларга ийгилик каалады.

“Биз сыймыктануу менен айта алабыз. Силер өлкөнүн намысын коргоп, Кыргызстандын желегин дүйнөгө таанылтып, көтөрүп жатасыңар. Силерге жараткан күч кубат берсин! Кийинки жыл мындан да жемиштүү жылдардан болсун”,- деди А.Кадырбаев.

Бул иш-чараны утурлай, үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин Кырчын жайлоосунда өткөн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарынын алкагында “Көчмөндөр ааламы” этномаданият фестивалына активдүү катышкандыгы, чыгармачылык демилгеси жана уюштуруучулук иш аракеттери үчүн мекеме-ишканалары диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

“Ош шаары “Көчмөндөр ааламы” этномаданият фестивалынан 7 диплом алып, ийгиликтер менен кайтышкан. Эң башкысы улуттук тамак аш боюнча баш байгени багындырса, жигиттери биз боз үй тургузуп биринчиликти багындырды. Бул шаарыбыз үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм”,- деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, улуттук тамак аш жасаган ашпозчулар, кол өнөрчүлөр, улуттук саркеч кийимдерди тиккен ууздар, ыкчам боз үй тиккен шамдагай жигиттер, майрамдык көркөм өнөрчүлөр,тарыхый инсандарды чагылдырган чыгармачылык топ иш-чарага активдүү катышып, игилитүү катышкандыгы үчүн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын диплому, шаар башчысынын “Ыраазычылык баракчасы” жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Ал эми Ош шаары Көчмөндөр ааламы” этномаданият фестивалына катышкандыгы үчүн диплом жана 300 миң сомдук сертификат менен сыйланды.