Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/12 14:51
 

ӨКМ 2016-жылдын мыкты кызматкерлерин сыйлады

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2016-жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чогулушта 2016-жылдын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде үзүрлүү эмгеги, калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен коргоодо, алдын алууда өзүнүн кызматтык милдеттерине жогорку мамиле кылган, өз салымын кошуп өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланышты. Сыйлыктарды КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов тапшырды.

Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругунун негизинде мекемелик сыйлыктар тапшырылды, анын ичинде куткаруучулар, окутуу борборунун окуу ага окутуучулары, айдоочулар, өрт өчүрүүчүлөр, фельдшерлер жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттин жоюудагы зор салымын кошкон кызматкерлер бар.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринен «Алкыш»,
“Ардак грамотасы”, “Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “ Өрттөгү каармандыгы үчүн” медалы менен, “Эмгек сиңиргендиги үчүн” медалы өз ээлерин тапты.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу