30.12.2016, 14:43

КР жарандарынын РФ аймагында жана РФ жарандарынын КР аймагында болууларынын тартиби укуктук жактан жөнгө салынмакчы

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болууларынын тартиби жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мыйзам 2016-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болууларынын тартибин укуктук мамилелер жагынан жөнгө салуу.

Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча 2014-жылдын 10-октябрында № 75 Жогорку Евразия экономикалык кеңештин чечими менен бекитилген 113-пунктундагы иш-чаралар (жол картасы) Планында чет өлкөлүк жарандардын аймакта болууларынын тартибин укуктук мамилелер жагынан жөнгө салуу жана бул маселе боюнча тиешелүү эл аралык келишимин түзүү иш-чарасы каралган.

Мындан улам, 2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында Петербург эл аралык экономикалык форумунун жыйынында бул Макулдашууга кол коюлган, ал боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында 30 күндүк мөөнөт ичинде каттоого турбай жүрүүсү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү