30.12.2016, 14:22

Чыныбай Турсунбеков министр Кубатбек Бороновдун табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча маалыматын укту

Чыныбай Турсунбеков министр Кубатбек Бороновдун табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча маалыматын укту

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөзкызматы билдирди.

Жолугушууда министр Кубатбек Боронов кыш мезгилинде болуучу табигый кырсыктарды алдын алуу жана алардын кесепетин жоюуга багытталган иштери тууралуу маалымат берди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кар көчкүлөрдүн, айрым учурларда калың жааган кардын өз учурунда тазаланбай жаткандыгын айтып, жолдо калган айдоочуларды жылынуучу жай жана ысык тамак менен камсыздоо зарылчылыгын белгиледи. Ошону менен катар министрликти жолдогу тыгындарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.