30.12.2016, 13:48

Парламентте Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн отставкасы тууралуу сөз болгон жок – Асель Кодуранова

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Парламентте Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн отставкасы тууралуу сөз болгон жок. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда конституциялык мыйзам, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асель Кодуранова (КСДП) билдирди.

Ал өкмөттүн отставкасы президенттик шайлоого жарым жыл калганда гана ишке ашышы мүмкүн деп белгиледи.
“Бирок, азырынча премьер-министрдин кызматткан кетүүсү тууралуу эч кандай сүйлөшүүлөр жок. Мен ушундай ушактар айтылып жатканын биринчи жолу угуп жатам”,-деди ал.