Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
30/12 13:24
 

“Тазалыктын” кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалашууда

 “Тазалыктын” кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалашууда

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Бишкекте кар жаап, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түнү менен жана таң аткандан бери көчөлөрдү, тротуарларды, аялдамалардын айлана-тегерегин кардан тазалап жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эртеден бери Бишкек шаары боюнча “Тазалыктын” жана шаардык жергиликтүү аймактык башкармалыктардын кызматкерлери штаттык режимде иштешүүдө. Түнү менен ишкананын кызматкерлери кар жана музду тазалап чыкты. Жолдорду тазалоо жана кум менен туз себүү үчүн 19 кар тазалоочу унаа, 4 трактор, жол-эксплуатациялык башкармалыктын 20 кызматкери, андан тышкары шаардын райондорунан 501 көчө шыпыргычтар ишке чыгышкан.

Бишкек шаардык мэриясы коомдук жайларда муз жана карды тазалоо боюнча арыздарды WhatsApp колдонмосу аркылуу сүрөтү менен төмөнкү номерлерге жөнөтүүнү өтүнөт:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (1-Май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу