Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
30/12 11:04
 

Президент Алмазбек Атамбаев менен сүрөткө түшүүнү каалаган окуучунун кыялы орундалды

 Президент Алмазбек Атамбаев менен сүрөткө түшүүнү каалаган окуучунун кыялы орундалды

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Экинчи класстын окуучусу Адамис Эдилкановдун Президент Алмазбек Атамбаев менен бирге сүрөткө түшүү кыялы орундалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев өзүнүн Faсebookтагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы №38 2 “Д” классынын окуучусу Адамис Эдилканов КРнын Президентинин атына кат жазган.

“Менин жана Президенттин туулган күнү бир күндө – 17-сентябрда. Жыл сайын өзүмдүн туулган күнүмдү белгилеп жатып бул тууралуу барына айтам жана мен өзүмдү ал менен бирге болгондой сезем. Бул мен үчүн сыймык. Кымбаттуу Президент эгер сизде мүмкүнчүлүк болсо мени менен жолугуп, сүрөткө түшө аласызбы. Бул менин кыялым”,-деп жазган А.Эдилканов.

С.Досалиев көбүнчө балдар Президентке белек тууралуу кайрылышат, ал эми Адамис үчүн мамлекет башчысы менен бирге сүрөткө түшүү барынан баалуу экен деп кошумчалаган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу