Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/12 10:29
 

Борбор калаанын мэри балдарды жаңы жылы менен куттуктады

 Борбор калаанын мэри балдарды жаңы жылы менен куттуктады

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында мэр Албек Ибраимовдун катышуусунда Бишкектин мектептеринин окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамга 1000 окуучу катышты, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жаш карек” окуучулар менен алмашуу программасы боюнча Нарын облусунун Кочкор районунан дагы балдар келди.

Балдар үчүн “Таберик” театрынын артистери Аяз ата, Жез кемпир, Уста бала, Гүл ханышасы, Нарцисстин катышуусунда “Аяз атанын фабрикасы” жаңы жылдык спекталин көрсөтүштү. Көрүүчүлөргө бардык балдар үчүн белектердин жомоктогудай чыгарылышын, ал эми спектаклди баштоого чейин 40 тан ашык аниматорлор оюндар, табышмактар менен балдарга оюн-зоок тартуулашты.

Бул жылы мэрдин жаңы жылдык балатысына 4 млн сом бөлүнгөн.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу