Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/12 17:02
 

31-декабрда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат – Патрулдук милиция башкармалыгы

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. 31-декабрда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.

Белгиленгендей, 31-декабрда борбордук аянттын аймагында Чүй проспектиси, андан тышкары Киев, Абдымомунов көчөлөрү жабылат, 31-декабрда саат 12:00 дон 15:00го чейин “Ала-Тоо” борбордук аянтында шаардыктар үчүн майрамдык иш-чаралар өтөт.

20:00до аянтта жаңы жылдык концерт башталат, ал жарым түндө жаңы 2017-жылды тосуу – салют атуу менен жыйынтыкталат. Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү эртең менен 08:00дон баштап унаалар үчүн жабык болот. Эски аянт жайгашкан Абдымомунов көчөсү Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин унаалар үчүн жабылат.

“Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин унаалар жана маршруттук таксилер үчүн жабылып, ал эми автобус жана траллейбустар үчүн ачык болот. Абдымомунов жана Киев көчөлөрү 17:00дон иш-чаралар жыйынтыкталганча жабык болот”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу