Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/12 14:49
 

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев балдарды жаңы жылы менен куттуктады

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев балдарды жаңы жылы менен куттуктады

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүнпрезиденттин балатыда балдарды келе жаткан 2017-жаңы менен куттуктады.

Сөзүнүн башында мамлекет башчысы балатыга келгенде сөз сүйлөөрдүн алдында дайыма толкундана турганын белгиледи. “Чынын айтканда мен эң эле жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойдум. Менин оюнчуктарым жок болчу. Балатыга биринчи жолу келгенде аябай кубангам. Бүгүн дагы сиздерди көрүп турганыма абдан кубанып, бактылуу болуп турам. Мамлекет дайыма ата-энелер сыяктуу эле балдардын келечегин ойлоно турганын белгилеп кеткеим келет”,-деди А.Атамбаев.

“Биз баарыбыз жаңы жылды кайсыл өлкөдө кандай тосула турганын шоу-программадан көрө алдык. Келечекте сиздер ошол өлкөлөргө бара аларыңыздарга ишенебиз. Ал үчүн жакшы окуп, чет тилдерди үйрөнүшүңүздөр керек. Сиздер чет тилдер керек экенин, аны үйрөнүү зарыл экенин түшүнүшүңүздөр керек”,-деди өлкө башчы.

Ошондой эле, мамлекет башчысы кыргыздар жаңы жылды 2 ирет тосушат – алар “Жаңы жыл” жана “Нооруз”. “Бул эки майрамдын тамыры бир эле. Бул күндүн майрамы. Мурда элдер 22-декабрдан баштап күн кыскарып, түн узарат десе коркушчу. Алар күн кайра кайтып келсин деп кудайдан тиленишчү. Ал эми 21-мартта күн менен түн теңелет, бул күн кыргыздар үчүн жаңы жылдын башталышы болуп саналат”,-деди А.Атамбаев.

Президент балдарга кайрылып, Жаңы жыл – укмуштарга ишенүү деп белгиледи. “Мындай притча бар, илгери Европада күн жаасын деп элдер тиленүүгө чогулушат. Ошондо бир кичинекей бала кол чатырын көтөрө келет. Анын кол чатыр көтөрүп келегинин көргөндөр таң калышат. Ал жамгыр жаай турганына ишенерин айтат. Мен ар бир адам жакшылыкка ишенип, ага аракет кылышы керек деп айткым келет. Ошондо бары жакшы болот. Мен кечээ 3 адамга “Даңк” медалын тапшырдым. Алардын бири баспайт, бирок өзүнүн үй-бүлөсүн багат, экинчиси коляскада жүрөт, көптөргө иш берет, дагы бири кыз, анын буту жок болсо дагы эл аралык сынактарда байгелерди алып жүрөт. Бул адамдар бизге мүмкүн болбогон эч нерсе жок экенин көрсөткөн адамдар. Эгер өз ишенимиңе аракет кылсаң сөзсүз жетесиң”,-деди Президент.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы мамлекет келечекке абдан ишенет, ошондуктан балдарга көбүрөөк кам көрүп жатат деп белгиледи. Анын айтымында, балдардын татыктуу билим алып, келечекте өз өлкөсүнүн сабаттуу жана билимдүү жараны болуусу үчүн бюджеттин 24%ы билим берүүгө жумшалууда.

Жыйынтыгында Президенттин атынан балатыга келген бардык балдарга белектер таратылды. Ал эми балдар өлкө башчысына өлкөнүн бардык кичинекей жашоочуларынын атынан белек беришти.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу