29.12.2016, 13:13

Бишкектеги Жеңиш аянтында видеобайкоо орнотулду – мэрия

 Бишкектеги Жеңиш аянтында видеобайкоо орнотулду – мэрия

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Свердлов администрациясынын демилгеси менен 2016-жылы 21-декабрда Жеңиш аянтынын батыш тарабына интернети жана багытты жөнгө салуу функциясы менен он-лайн видеобайкоо камерасы орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

“Он-лайн видео камераны орнотуунун негизги максаты ошол аймакта коомго жат окуялардын болушун алдын алуу, тарыхый ыйык жерди – Өчпөс оттун аймагында тартипти сактоо болуп саналат”,-дедп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө видеобайкоо камерасы мындан ары көзөмөлдөө жана кайтаруу үчүн Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын балансына берилген.