Филармонияда КР Президентти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ар жылкы президенттик балаты өтүүдө
Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КР Президентти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ар жылкы президенттик балаты өтүүдө.
Мамлекет башчысынын катышуусундагы балдарга арналган Жаңы жылдык салтанатка республиканын бардык аймактарынан 8-14 жаштардагы 1 миң 100 бала чакырылган.
Чакырылган балдардын арасында мыкты окуучулар, ар түрдүү сынактардын, мелдештердин жеңүүчүлөрү, ошондой эле кызматын аткарып жатып каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана майып балдар бар.