Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/12 10:38
 

Улуттук банк финансылык пирамидага катышуу эч кандай киреше алып келбей тургандыгын эскертет

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Финансылык пирамидаларга катышуу финансылык киреше алып келе турганына кепилдик жок. Бул тууралуу КР Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы убактарда республиканын аймагында финансылык пирамида белгилерин камтыган ар кандай схемалардагы, атап айтканда “Get-luck” жана ушундай эле башка долбоорлордун электрондук капчыктарын пайдалануу учурлары кездешүүдө.

“Улуттук банк мындай схемаларга катышуу эч кандай киреше алып келбей тургандыгын жана финансылык жоготуу тобокелдиги менен коштолоорун эскертүү менен пирамидалык операцияларга катышуу сунушуна этият мамиле жасап, тобокелдикке барбоону өтүнөт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу