Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/12 09:24
 

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган судьялары Жогорку сотто ант беришти

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жергиликтүү сотторго жаңы шайланган судьялардын ант берүү аземи Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сёз кызматы билдирди.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева салтанаттуу түрдө ачып, жаңы дайындалган кесиптештерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын жана жалпы жамаатынын атынан жергиликтүү соттордун судьяларына дайындалышы менен куттуктады. Судьялардын жаңы курамын берген анттарына бекем болуусун каалап, өтө жооптуу иштерине ийгилик каалоо менен бирге келе жаткан Жаңы жыл менен да куттуктады.

Ант берүү аземине Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары:
Аматов Нурлан Тологонович – Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы;
Оморов Расул Бактыбекович – Баткен райондук сотунун судьясы;
Алимбекова Жылдыз Кубанычовна – Кадамжай райондук сотунун судьясы.

Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы:
Джоробекова Айнагүл Мамаюнусовна.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 26-декабрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун жана Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу