Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/12 16:05
 

“Кабар” агенттигинин директору “Тынымсыз аккан саясат» автордук китебинин бетачарын өткөрдү

“Кабар” агенттигинин директору “Тынымсыз аккан саясат» автордук китебинин бетачарын өткөрдү

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев “Тынымсыз аккан саясат” автордук китебинин бетачарын өткөрдү. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында автор өз китеби тууралуу кыскача айтты.

“Китеп 2 бөлүктөн турат. Биринчиси – дүйнөлүк окуяларга арналган, экинчиси – эл аралык ЖМКлар тигил же бул теманы кандай чагылдырылганы баяндалган. Китеп 9 баптан турат, эң аягында саясый терминдерге түшүнүк берилген. 9 баптын алтоондо дүйнөлүк окуяларга анализ жасалган. Андан ары азыркы глобалдашуудагы көп полярдуулук тууралуу жана бул көрүнүш Борбордук Азиядагы Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө кандай таасир тийгизип жаткандыгы жагдайында сөз жүрөт. Ошондой эле китепте АКШдагы 2001-жылдагы окуя тууралуу да айтылат. Ушуга катар эле кыргызстандыктарга маалым болбогон маалыматтар да бар. Айталы, АКШнын президенттигине ат салышуууда 15 жыл мурдагы окуя кандай таасир тийгизгендиги тууралуу маалымат. Мындан тышкары китепте “Кабар” агенттиги менен 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын байланышы да камтылган. Улуттук агенттик согушчандар менен кантип байланышканы, ошол учурда кандай саясат жүргөндүгү тууралуу айтылат”,-деди К.Таабалдиев.

Ал ошондой эле, китепке Никколо Макиавеллинин “Падыша” (“Государ”) китебинин котормосу да киргенин кошумчалады.

“Китептеги 500 жыл мурда жазылган анын ой-толгоолору азыр да актуалдуу. Аягында саясый терминдердин түшүндүрмөсү берилген. Бул китеп журналистика, эл аралык мамилелер факультеттеринин журналисттерине керек. Ошондой эле аспиранттарга жана окутуучуларга окуу куралы катары кызмат кылат”-деп айтты К.Таабалдиев. Мындан тышкары автор китептин чыгышына көмөкчү болгондордун бардыгына ыраазычылык билдирди.

Китептин бетачарына «Тынымсыз аккан саясат» китебинин чыгышына түздөн-түз салым кошкондор да катышты.

Махмуд Кашгари-Барскани атындагы университеттин ректорунун кеңешчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев бул китептин студенттер үчүн өтө маанилүүлүгүн белгиледи.
“Китепте көптөр билбеген 2016-жылдагы окуялар тууралуу маалыматтар бар. Бул жалпы элге ачыкка чыгарылбаган архивдик материалдарды изилдөөнүн натыйжасы. Жазуучу Молдогазы Токобаев, академик Иса Ахунбаев жана Сатар Ильясов тууралуу, алардын ошол мезгилдеги оор турмушу жөнүндө эскерүүлөр, аңгемелер бар. Дагы айта кете турган нерсе, дүйнөлүк саясат бирде өйдө, бирде төмөн болууда. Бир кезде Иран менен мамилебиз жакшы эле, кийин басаңдап кетти, эми жакындан бери кайра мамилебиз бекемделе баштады. Өзбекстан менен да мамилебиз жолго коюлууда, ошондуктан китеп «Тынымсыз аккан саясат» деп аталган”, -деп белгиледи А.Ормушев.

Билим берүү министринин кеңешчси Болот Жумабаев китеп өтө маанилүү болгондуктан журналисттерге гана эмес, жалпы коомчулукка да баалуу экенин айтты.

“Бирок, биринчи кезекте кыргыз журналисткасына белек болду. Анткени Кубан Таабалдиев англис тилин билгендиктен чет элдик ЖМКлардан, башкача айтканда биринчи булактан маалыматтарды жыйнаган. Андыктан бул китеп өлкөнүн ЖОЖдору үчүн окуу куралы боло турган баалуу эмгек болуп калат”,-деди ал.

“ЖМКларды колдоо борбору” коомдук фондунун башкы директору Алмаз Курманалиев да Кубан Таабалдиевдин китебин студенттерге өтө керектүү деп эсептейт.
Китептин дизайнери жана жасалгалоочусу Бакыт Дыйканбаев К.Таабалдиевдин китебин биринчилерден болуп окугандыгын айтты.
“Кыргызстанда кыргыз тилинде жазылган мындай китептер аз гана. Бул китепти окуп чыгууга журналисттерге гана эмес, бардык жарандарга кеңеш берер элем. Албетте студенттер жана окутуучулар үчүн жакшы окуу куралу болуп калат. Анткени лекция окуур алдында маалыматтарды орус тилинде иштеп чыгууга тура келет. Ошондуктан бул жакшы жардам болот. Мындай китептер көп жазылышын каалар элем”-деп айтты ал.

Ошондой эле “Кабар” агенттигинин директорун куттуктоого ЖК депутаты Каныбек Иманалиев да келди.
“1991-жылы ЮНЕСКОнун статисткасы боюнча Кыргызстан китеп жазуу жана китеп чыгарууда 26-орунду ээлөөчү. Азыркы күнү акыркы орунда турабыз. Журналистикада сен жазган сенсация бир сааттан кийин керексиз болуп калат. Андыктан тарыхта калтыруу үчүн китептерди көп жазгыла. Мен бир окуяны айткым келет, 1991-92-жылдары Лондондо ВВСге журналисттик кызматка сынак жарыяланган. Кыргызстандын бардык журналисттери ал сынакка катышкан, анткени бардыгы ал жакка баргылары келишкен. Жыйынтыгында физик Кубан Абдымен утуп алган, ВВСге анын материалдары биринчилерден болуп жарыяланган. “-деди эл депутаты.

Белгилей кетсек, китеп ЖОЖдор үчүн арналып, 500 нускада чыккан. К.Таабалдиев дагы да бир нече китептерди жазууну пландоодо.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу